Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 27-29-мартта Чолпон-Ата шаарында "Jaratman айыл фест" аталышындагы социалдык-маданий фестиваль өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Долбоордун демилгечиси – "Jaratman айыл" социалдык долбоорунун автору Степан Жаратман. Иш-чара блогерлерди, креаторлорду, бизнес өкүлдөрүн жана жергиликтүү тургундарды бир аянтчага бириктирет.
Иш-чаранын негизги максаты жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу жана корук жерлерди көрктөндүрүү, аскалардагы жана жаратылыш объекттериндеги жазуулар көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана айыл жергесинде туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү калкка киреше булагын түзүү болуп санадат.
Программанын алкагында аскаларды тазалоо боюнча экологиялык акция, маданий программа жана аймакты өнүктүрүү демилгелери талкууланат.
Уюштуруучулар компанияларды жана уюмдарды долбоорго демөөрчү болууга чакырат. Бул демилгени колдоо менен бренддин репутациясын бекемдөөгө жана аймактын туристтик потенциалын арттырууга салым кошууга болот.
Байланыш телефону: 0507 551 600.