Көчмөндөр оюндарында күрөштүн түрлөрү кызыды: Кимдер күрөшүүдө?

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 16:05
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.49.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.51.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.51.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.49.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.49.59 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.49.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.49.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.49.30.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде азербайжан улуттук күрөшү – гюлеш боюнча балбандар А килеминде беттешүүдө.

Ал эми тажик улуттук күрөшү – гуштини милли камарбанди боюнча мелдештер В килеминде орун алууда.

Ошондой эле якут элинин улуттук күрөшү – хапсагай боюнча спортчулар С килеминде күрөшүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.