Чолпон-Атада дары-дармек менен камсыздоо 99%га жетти

Ден соолук Загрузка... 01 Апрель 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-04-01 at 16.54.27.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында дары-дармек менен камсыздоо иши жогорку деңгээлде жетип, учурда 99%ды түздү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, фонддун төрагасы Азамат Муканов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы дары-дармек сактоочу кампаны текшерген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дары каражаттарынын кору, камсыздоо деңгээли жана алардын медициналык мекемелердин муктаждыгына шайкештиги каралды. Мындан тышкары, дары-дармектерди сактоо шарттары, жарактуулук мөөнөттөрүнүн сакталышы, ошондой эле эсепке алуу жана эсептен чыгаруу тартиби текшерилди.

Ошондой эле жеткирүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү, өз убагында келиши жана мүмкүн болгон тобокелчиликтер өзүнчө талкууланды.