Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Чолпон-Ата РЭТинде жыгач мамылар темир бетон мамыларга алмашылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Чолпон-Ата” көмөк чордонунда 1982 –жылдары орнотулуп, эскилиги жеткен кабелдер жаңы кабелдерге алмашылууда. Өткөн жылдагы селдин кесепети дагы ал кабелдердин жабырлануусуна алып келген. Жалпысынан көмөк чордондун ичиндеги 1 чакырым кабелдер жаңыланды.
Муну менен катар, Чолпон-Ата шаарында алюминий зымдары заманбап СИП зымдарына алмашылууда. Жалпысынан Чолпон-Ата РЭТ боюнча 10 км СИП зымдарын орнотуу пландалды.
Ошондой эле Комсомол айылында РЭТ кызматкерлери эскирген жыгач мамыларды темир бетон мамыларга алмаштыруу иштери жүрүүдө. Жыл аягына чейин Чолпон-Ата РЭТ боюнча 360 мамылар жаңыланат.
Мындан тышкары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында Чолпон-Ата РЭТИнде 2025-жылы 64 трансформатор жана 48,7 чакырым электр зымдары капиталдык оңдоодон, ал эми 196 трансформатор жана 108 чакырым аба чубалгылары утурумдук оңдоодон өтөт.
Белгилей кетсек, кардарларды электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында Бактуу-Долоноту, Ананьево, Кожояр, Тамчы айылдарына төрт трансформатордук подстанция орнотулат.
Ошондой эле РЭТ кызматкерлери тарабына авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында узундугу 87 чакырым болгон аба чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда.
Ал эми санариптештирүүнүн алкагында 8100 кардарга акылдуу эсептегичтер орнотулат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз:
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209