Чоң Нарын каналына жаңы көпүрөлөр салынат

Аймак Загрузка... 27 Март 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Чоң Нарын каналындагы 3 көпүрө алынып, ордуна жаңылары салынат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын батыш чөлкөмүндө жайгашкан Чоң Нарын каналы өтүүчү Төш-Булак жана Ак-Коргон аймагында жайгашкан көпүрөлөр алынып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Белгиленгендей, салынган көпүрөлөрдүн ордуна талапка ылайык жаңы көпүрөлөр салынат. Жаңыртылуучу ар бир көпүрөнүн наркы 2 млн 759 миң сомду түзөт.

Калаа башчысы Канболот Тутуев Чоң Нарын каналына сугат суусу коё берилгенге чейин аталган көпүрөлөрдү демонтаждоо жана кайра салуу иштерин тездетүү керектигин белгилеген.

"Программа Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) жана Ага Хан өнүктүрүү уюму тарабынан каржыланып, Ага Хан өнүктүрүү уюмунунун агенттиктери жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылууда",- деп айтылат маалыматта.