Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын расмий өткөрүп алуу иштери башталды

Аймак 03 Август 2026 16:25
762677010_1078427394561671_9028625328919229466_n.jpg
760424172_4346652988998643_1558331620185664683_n.jpg
761765059_1441317358052013_845852072009383440_n.jpg
763805641_1045109878161853_8359176479740245274_n.jpg
762631037_1017769684486068_3616585915078245841_n.jpg
761319109_1363367658523071_998160810841803541_n.jpg
760891165_2847415808969200_7028443862710078652_n.jpg
762606099_2282731022465652_4625848353960677032_n.jpg
762585236_1712688473281577_1097371246976498344_n.jpg
764711817_2055483691730943_6376359492933818394_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында жер аянттарын алмашуунун уюштуруучулук-техникалык маселелерин, анын ичинде алмашылуучу аймактардын жашоочуларынын жарандык макамын аныктоо, аларды көчүрүү, ошондой эле мүлктүк, чарбалык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандынн биргелешкен жумушчу комиссиясынын кезектеги отуруму үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда Кадамжай районунун аймагында өткөрүлгөн.

Аталган отурумда кабыл алынган чечимдерди жеринде ишке ашыруу жана уюштуруучулук-техникалык маселелерди ыкчам чечүү максатында бүгүн, 3-августта эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу,элге түшүндүрүү менен өз ишин жүргүзүүдө.

Жумушчу топту Кыргызстандын Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Миграция жана персоналдаштыруу департаментинин башчысынын орун басары Бехзод Сайфуллаев жетектеп жатышат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган эки айылда болжол менен 2 500 адам жашайт.

Учурда айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки этапта жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарда каралган жол-жоболор ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, аталган эки айылдын ордуна Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргыз тарап Өзбекстанга мамлекеттик чек ара тилкесинен эквиваленттүү (теңме-тең) жер аянтын өткөрүп берүүнү макулдашкан.