Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен 3 адам каналга түшүп кеткендиги маалымдалган. Кийин алар "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери экени белгилүү болгон.
Аларды издөө иштерине саат 09:05тен тарта жалпы 8 куткаруучу тартылып, издөө иши активдүү улантылууда.
"Учурда бир жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", – деп айтылат маалыматта.
Калган 2 адамдын сөөгү ИИМ кызматкерлеринин жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча жеринде изделип жатат.
Кошумча маалымат берилет.