Нарын шаарынын тургуну Намыс Токтаалиев шахмат боюнча дүйнө чемпионатына тынымсыз даярданып жаткан кези. Ал өлкө чемпионатын жеңүү үчүн сегиз жыл талыкпай эмгектенген. Эми аны дүйнө чемпионаты күтүп турат. Кыргызстандын намысы үчүн дүйнөлүк салгылашка түшө турган спортчу болгону 12 жашта. Ал шахмат ойноону төрт жашынан эле баштаган. Жеңишти үмүттөндүргөн Нарындык гений спорттун бул түрүнө кантип келгенин жана шахмат боюнча биринчиликти багындыруу жолун айтып берди.

“Жайында Италияга шахмат боюнча дүйнө чемпионатына барам. Чемпионат 14-июндан 27-июнга чейин болот. Мен үчүн бул абдан маанилүү таймаш болот. Себеби, мен дүйнө биринчилигине алгачкы жолу барып жатам жана Кыргызстандын намысын коргойм. Азыркы тапта чемпионатка катуу даярданып жатам. Бирок машыктыруучум жок. Өзүм эле күндө эртең менен, кечинде көнүгүүлөрдү чыгарып, даярданып жатам. Күчтүү атаандаштар бар. Алар Казакстан, Өзбекстан, Россия, Американын спортчулары. Алардын деңгээлин билем. Татыктуу оюн көрсөтөйүн деп, аракет кылып жатам”.
Намыс Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы мектебинде 7-класста окуйт. Өлкө чемпионаты быйыл январь айында өтүп, ага жети облустан 70 шахматчы катышкан. Намыс мыкты оюн көрсөтүп, чемпион аталган. Буга чейин ал өлкө чемпионатына жети жолу катышкан.

“Кыргызстандын чемпионаты абдан кызыктуу өттү. Мен үчүн эң оор оюн финал болду. Атаандашым - Барсбек Казаков күчтүү оюнчу экен. Биринчилик үчүн төрт саат алыштык. Эң алгачкы турнирим алигиче эсимде. Анда беш жашта болчумун. Жакшы деле ойной албайм, тажрыйбам да жок эле. Бирок ага карабастан 3-орунду ээлегем”.
Намысты шахмат дүйнөсүнө чоң атасы жетелеп келген. Былтыр Борбор Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Ага чейин эл аралык турнирде алгачкы жолу баш байгени жеңип алган. 2022-жылы Шри-Ланкада өткөн Азия чемпионатында 2-орунду камсыздаган.

“Үйдө чоң атам шахмат ойнойт эле. Мен аны көрүп кызыгып кеттим. Чоң атам мени жетелеп барып машыктыруучуларга тапшырды. Шахматка болгон кызыгуум ушинтип башталган. Мен жеңишке жеткенде чоң атам абдан кубанат. Алдыга - Кыргызстандын эң мыкты спортчусу болуп, утулуулар болсо чөгүп кетпей, жеңиштерге жеткенге максат койом”.
Намыс үй бүлөдө үч бир туугандын улуусу. Шахматтан тышкары футбол менен да алектенээрин билдирди.