Чоң-Алайда 1000 гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болду

Аймак 21 Август 2026 09:40
IMG_9251_pnIN1d0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн "Миң-Жар" ирригациялык каналы ишке кирди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, каналдын курулушуна 6,8 млн сом жумшалды. Эми 1082,25 гектар жайыт айдоо жерине айланат. Суу дыйкандарга 8 суу бөлүштүргүч аркылуу берилет.

Долбоор Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунун каражатына "Бай-Таш Констракшн" ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган.

Ачылыш аземине президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, долбоорду аймактын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү кадам катары баалады.

780844302_1086195080768818_5038588475905876190_n