Чүйдүн Садовое айылындагы 504 орундуу мектеп толук жаңыланууда — Кабар

Чүйдүн Садовое айылындагы 504 орундуу мектеп толук жаңыланууда

Аймак 5 август 2026 12:20
763756669_1556059889326388_8630228400716935983_n.jpg
763762108_1556059975993046_5055265670390429654_n.jpg
763894996_1556059939326383_4381788854815732510_n.jpg
764638223_1556059965993047_619522439883822245_n.jpg
764807208_1556059909326386_4436846007245729172_n.jpg
766194660_1556059895993054_1432619661170049386_n.jpg
766674714_1556059922659718_5123420520247306384_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектеп капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы баасы 170 млн сомду түзөт.

Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жаткан иштердин алкагында мектептин ички жасалгалары, инженердик тармактары жаңыланып, жылытуу системасы орнотулууда.

Ошондой эле окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары заманбап талаптарга ылайык оңдолууда. Оңдоо иштери аяктагандан кийин 504 окуучуга ылайыкталган мектепте билим алуу үчүн жаңы шарттар түзүлөт.