Чүйдүн Прогресс айылында жаңы мектеп салынууда

Аймак Загрузка... 11 Май 2026 15:10
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Чүй районундагы Прогресс айылында 275 орундуу жаңы мектеп салынууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин наркы 132 млн сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45 пайызы аткарылды.

Башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн бардык шарттар каралган. Алсак, негизги окуу класстарынан тышкары китепкана, лаборатория, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле бардык шарттары менен спорт зал болот.

Учурда иштеп жаткан мектеп 1962-жылы 120 орунга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө анда 427 окуучу үч нөөмөт менен билим алууда.