Чүйдөгү балдар интернаттарындагы шарттар текшерилди

Коом 13 октябрь 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.06 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 08.53.08.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. 12-октябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы баштаган комиссия Чүй облусундагы балдар үчүн эки интернат тибиндеги мекеменин шарттарын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, комиссия Красноречка атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин жана К.Тилебаев атындагы Панфилов жатак мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Текшерүүдө балдардын укуктарынын сакталышы, билим алуу жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгү, жашоо шарттары, санитардык талаптар жана өрт коопсуздугу каралды.

Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, Акыйкатчы институтунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирди.