Чүйдө жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда

Аймак Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 09:15
764818212_868299606147441_3305977303943953420_n.jpg
763103923_1553457799608855_7529676280513477938_n.jpg
763692451_2294062074761142_1004608946601846420_n.jpg
764065706_2203028400480773_2629864939867467521_n.jpg
764845097_3140995749623396_3313033374489845458_n.jpg
764925209_1043205888600731_5399525460336222957_n.jpg
764976301_1680271509748604_7697601296454322658_n.jpg
768361330_1387611353305687_173301932095653302_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда курулуп жаткан "Агро Куш Кемин" өндүрүштүк комплексине барып, долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, комплекстин курамына инкубатор, бройлер тоокторун өстүрүүчү аянттар, саатына 30 тонна кубаттуулуктагы комбикорм заводу жана даяр продукцияны сактоочу муздаткыч кампа кирет.

Долбоор толук ишке берилгенден кийин өндүрүш кубаттуулугу жылына 15 миң тоннага чейин жетип, комбикорм өндүрүү көлөмү 115 миң тоннага чейин көбөйөт. Ошондой эле ишкана жергиликтүү фермерлерден жыл сайын 78 миң тоннадан ашык жүгөрү жана буудай сатып алууну пландоодо.

Эрлист Акунбеков бул долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн туруктуу рынок менен камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.