Чүйдө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы филиалы ачылды

Аймак Загрузка... 10 Февраль 2025 17:57
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы филиалы ачылды.

Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери үй алууну каалаган жарандарга турак жай алуунун шарттары туурасында маалыматтарды жана кеп-кеңештерди берет.

Мекеме 9:00дөн 18:00гө чейин иштеп, күнүнө 200гө жакын кардар тейлей алат.