Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Чүй облусундагы "Верхний-Кайырма" каналындагы күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндин (БСР) капиталдык ремонту ийгиликтүү аяктады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, БСР Онбир-Жылга, Кошкоргон жана С.Ибраимов айыл аймактарын сугат суу менен камсыздап, жалпы сугат аянты 2356 гектарды түзөт.
Капиталдык ремонттун алкагында заманбап геомембрана жана геотекстиль төшөлдү.
Бүгүнкү күндө объект пайдаланууга берилди жана суу менен толтуруу иштери жүрүп жатат, бул вегетация мезгилинде айыл чарба жерлерин туруктуу жана натыйжалуу сугарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, күнүмдүк жөнгө салуучу бассейнди капиталдык оңдоо - региондун агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.