Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү эгин талааларында эрте жаздагы ным топтоо жумуштарына сугат суу бериле баштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ным топтоо сугаттары - өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинин башында көп өлчөмдө суу алуу ыкмасы, бул алардын өсүшүн жана өнүгүүсүн жакшыртат.
Мындай сугаруу тамырдын өсүшү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө жардам берет, айрыкча, кургакчылык же жаан-чачын аз болгон мезгилде. Бул өсүмдүктөрдү нымдуулук менен натыйжалуу камсыздап, алардын стресске туруктуулугун жогорулатат. Ошондой эле тез-тез сугарууга болгон муктаждыкты азайтат жана топурактын түзүлүшүн жакшыртат.
Нымдуу сугаруу жашылча өсүмдүктөрү, жемиш бактары жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн өзгөчө пайдалуу.