Чүйдө эки жигит мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы

Укук тартиби Загрузка... 11 Март 2026 13:20
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда эки жарандын өлүмүнө шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-мартта Бишкек – Ош унаа жолунун 48-чакырымындагы талаадан зордук-зомбулуктун белгилери бар эки эркектин сөөгү табылган. Иликтөө учурунда алар 1999-жылы туулган Д.Д. жана 2003-жылы туулган К.Б. экени аныкталган. Жабырлануучулардын бири 1-марттан бери дайынсыз катары изделип жаткан.

Кылмышка шектүү катары 19-25 жаштагы төрт жаран К.О., С.Б., М.Б. жана С.У.лар аныкталган. Шектүүлөр 25-февралда жабырлануучуларды ижарага алынган батирге алдап алып барышып, iPhone телефондорун жана акчаларын тартып алышкан. Андан кийин жигиттерди бир сутка бою тамак бербей барымтада кармап, андан соң талаага алып барып муунтуп өлтүрүшкөн.

Шектүүлөр кылмыштан кийин Баткен облусуна качып кетишкен. Тинтүү учурунда топтун башчысы К.О.нун атына жазылган УКМКнын жасалма күбөлүгү жана милициянын формасы табылган.

Үч шектүү Кадамжай районунан кармалып, 2 айга камакка алынды. Ал эми кылмыштын уюштуруучусу, 2001-жылы туулган К.О. 9-март күнү Ош облусунан колго түшүрүлдү.

Учурда "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча тергөө амалдары уланууда.