Чүйдө дыйкан 6 гектар жерге пияз эгип, 2 млн сомдон ашык пайда көрдү

Коом Загрузка... 24 Сентябрь 2025 10:18
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Чүй районунун тургуну 6 гектар жерге пияз эгип, 2 млн сомдон ашык пайда көрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биримдик айыл аймагынын тургуну Батырбек Мукан уулу "3+2+1" долбоорунун алкагында голландиялык "Манас" сортундагы пияз өстүрүп, бүгүнкү күндө түшүмүн жыйноо иштерин аяктады.

Ал бир гектар жер аянтынан орточо 50 тоннадан, жалпы 6 га жер аянтынан 300 тонна пияз жыйнап алган.

Дыйкандын айтымында, бул эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.

Бир кг пияз ортомчуларга 12 сом 50 тыйындан сатылган.

Ал эми бир гетар жер аянтка орточо 250 миң сом сарпталса, бир гектардагы кирешеси орточо эсеп менен 625 миң сомду түзгөн. Ошондо дыйкан бир гектар жерден таза 375 миң сом таза киреше көргөн. Демек 6 гектар аянттан жалпысынан орточо эсеп менен 2 млн сомдон ашуун пайда тапкан.