Чүй жана Ысык-Көлдө милициянын туристтик мезгилге даярдыгы текшерилди — Кабар

Чүй жана Ысык-Көлдө милициянын туристтик мезгилге даярдыгы текшерилди

Аймак 12 июнь 2026 12:20
2.jpg
1.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
717496943_1400456798769984_5112268209080432286_n.jpg
719852105_1400456898769974_1660133800109364403_n.jpg
720784706_1400456358770028_8658303162348268309_n.jpg
720846555_1400456582103339_3620824085999573795_n.jpg
720847666_1400456265436704_8438496526461472595_n.jpg
720893673_1400456462103351_4491773526385532827_n.jpg
721041298_1400456458770018_1107329103048046725_n.jpg
721082488_1400456268770037_5506320270745933101_n.jpg
721290148_1400456685436662_5591799795951386345_n.jpg
721348174_1400456385436692_7195015079981806834_n.jpg
721517419_1400456692103328_8461279791935432593_n.jpg
721576107_1400456518770012_5164152798002927136_n.jpg
722029716_1400456282103369_4923310759442175133_n.jpg
723118302_1400456365436694_2204895018659894063_n.jpg
723543901_1400456718769992_7480331325066115436_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов туристтик сезондун алкагында Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерди.

Ведомствонун маалыматына караганда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасы, саптык даярдыгы жана туристтер менен иштөө маданияты өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жаңы кызматтык унаалар, ылдамдыкты өлчөөчү радарлар, боди-камералар жана "Автоураган" тутумдарынын иштөө тартиби каралып, аларды натыйжалуу колдонуу тапшырылды.

Мындан тышкары, жолдо бара жаткан айдоочулар токтотулуп, ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкеге чыкпоо боюнча нускамалар берилип, туристтер үчүн атайын маалыматтык буклеттер даярдалды.

Ошондой эле өлкөгө келген ар бир конокко сылык, маданияттуу мамиле жасап, Кыргызстандын оң имиджин калыптандыруу ар бир кызматкердин негизги милдети экени эскертилди.

"Жол коопсуздугун камсыздоодо заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуу менен бирге, жогорку кызматтык маданиятты сактоо шарт", - деди Урмамбетов.

Министрдин орун басары жол кырсыктарын болтурбоо максатында кооптуу тилкелерди кайрадан талдап чыгууну жана кошумча көзөмөл постторун уюштурууну тапшырды.