Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган “Биримдик кербени” боюнча жыйынтыктоочу жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Иш-чарага кербендин жүрүшүнө 40 күн бою катышып, аны коштоп жүргөн кызматкерлер, ошондой эле “Биримдик кербенин” өткөрүүгө көмөк көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке тараптар катышты.
Ошондой эле аны уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле жеке жактарга сыйлыктар тапшырылды.