Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Чүй облусунун беш калктуу конушунда 8-9-сентябрь күндөрү жогорку басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Чүйгаз" газ кызматы билдирди.
Газ берүү Сокулук айылында, Шопоков шаарында, Романовка, Гавриловка жана Александровка айылдарында токтотулат.
Маалыматка ылайык, иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Абоненттерге газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу сунушталды.