Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Чүй облусунда тоо боорунан чыккан өрттү 177 адам өчүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 08:30га карата Панфилов районунун Орто-Арык айылындагы тоо бетинде өрттү өчүрүү иштерин улантуу үчүн 59 куткаруучу, токой кызматынан 118 кызматкер, жалпы 177 адам чыгышты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-августунда Берт-Булак, Куржылга, Көгөн капчыгайларында кургак чөптөн тилсиз жоо чыгып, өрттү өчүрүү иштери жүрүп жаткан.
Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өрт өчүрүүчүлөр көбөйтүлүп, кечээ 100 адам тоо бетинде нөөмөткө калышкан.