Чүй облусунда быйыл 1 миң 900 даана темир-бетон электр мамылары орнотулат

Коом Загрузка... 19 Февраль 2025 12:07
9f09c1-nomark.jpg
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасы 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн эскирген электр жабдууларын алмаштырып, бузулганын оңдоо иштерин башташат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, быйыл Чүй облусунда 76 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылып, 1 миң 900 даана темир-бетон электр мамылары орнотулат.

Мындан тышкары 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат.

Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусунун жашоочуларын жана өндүрүш тармагын электр энергиясы менен камсыз кылган, курамында 9 (Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов) райондук электр тармактары бар ишкана.

Ишкана облус боюнча 299 373 керектөөчүнү тейлейт.

Эске салсак, 2024-жылы капиталдык курулуш иштеринин алкагында энергетиктер тарабынан Чүй облусу боюнча 71 чакырым 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгысы
тартылып, 3100 даана темир-бетон электр мамылары орнотулган.