Чүй облусунда 480 га жерде чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү

Коом 15 май 2025 14:35
Чүй облусунда 480 га жерде чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Чүй облусунда 480 га жерде чегиртелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундарынын чегирткелердин көбөйүшү тууралуу билдирүүсү боюнча жалпы 1820 гектар аянтта изилдөө жүргүзүлдү. Анын ичинен 1 236 гектарда чегирткелердин очогу аныкталып, 480 гектар жерге химиялык иштетүү жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата Жайыл районунда 2 трактор жана Панфилов районунда 3 трактор жана атайын техникалар ыкчам тартипте химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ошондой эле Чүй облусунун башка райондорунда да мониторинг иштери улантылып, айыл чарба жерлеринде зыянкечтердин очогун аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.