Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Чүй облусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушунда өзгөчө орунду ээлеп, мамлекеттүүлүктүн жана административдик-аймактык башкаруу системасынын калыптанышында чечүүчү ролду ойнойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо” аянтында өткөн Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
“Бүгүнкү күндө Чүй облусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өмүрүндө өзгөчө орунду ээлеген, мамлекеттүүлүктүн жана административдик-аймактык башкаруу системасынын калыптанышында чечүүчү ролду ойногон стратегиялык маанидеги аймак катары саналат. Облустун индустриалдык-агрардык потенциалы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана инфраструктуралык тармактарды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Кыскасын айтканда, дээрлик бардык тармак боюнча мамлекетибиздин локомотиви десек жаңылышпайбыз”, — деди мамлекет башчысы.
Президент Чүй облусунун 100 жылдык тарыхы эмгекчил элдин аракети менен жаралганын белгилеп, дыйкандардын, мугалимдердин, дарыгерлердин, өндүрүш кызматкерлеринин жана жаштардын салымына токтолду.
“Чүй өрөөнүнүн жер кадырын билген дыйканы, жаш муунга тарбия берген мугалими, өмүрдүн, ден соолуктун кадырын билген дарыгери, өндүрүштү алдыга жылдырган карапайым жумушчусу, жаңы идеяларга жана энергияга бай жаштары жана жалпы эле облустун эмгекчил калкы Чүйдүн жүз жылдык даңктуу тарыхын жаратышты”, — деди Садыр Жапаров.
Өлкө башчысынын айтымында, улуу муундун эмгегин баалап, тажрыйбасын урматтоо жана келечек муундарга татыктуу мурас калтыруу — жалпы милдет.
“Чүйдүн жүз жылдык мааракесин белгилөө өткөн тарых таржымалыбызды эскерүү гана эмес, келечекке жаңы максаттарды коюуну баштоо болууга тийиш. Анткени өткөндү билбей туруп эртеңки келечекти аңдоо кыйын”, — деди президент.
Мамлекет башчысы Чүй облусунун административдик аймак катары калыптанышына да токтолду. Анын белгилешинче, архивдик документтерге ылайык, 1926-жылы автономдуу Кыргыз облусунун административдик бөлүнүшү жөнүндө токтомдун негизинде жети кантон уюштурулуп, алардын бири Чүй кантону болгон. Анын административдик борбору Пишпек шаары болгон.
Ошондой эле президент Чүй облусун өнүктүрүүгө быйыл турукташтыруу фондунан 10 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.
“Бул жыл башында турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 миллиард сом бөлүнүп, ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объекттер жана өндүрүш ишканалары курулду. Жакынкы арада баарынын ачылышын жасайбыз”, — деди президент.