Чүй облустук ооруканасынын базасында заманбап медициналык кластер түзүлөт

Ден соолук Загрузка... 05 Март 2026 17:40
69a9481055a0c.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эрнст Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасында болду.

Белгиленгендей, мекеме аймакта эң көп бейтаптарды кабыл алган оорукананын бири. Мында жылына 18 миңге чейин бейтап дарыланып, 6 миңге жакын операция жасалат жана 6 миңге чейин төрөт кабыл алынат.

Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине жана тиешелүү мекемелерге оорукананын бардык кызматтарын бирдиктүү, заманбап медициналык кластерге бириктирүү үчүн Чүй облустук бириккен ооруканасынын базасында жаңы имарат куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.