Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Чилиде өткөн аптада жез шахтасы урап түшүп, ичиндеги жумушчулардын баары каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, шахтадан алты адамдын сөөгү табылган.
Кырсыктын себеби катары Эль Тениенте жез кенинде катталган күчтүү сейсмикалык силкинүүлөр айтылууда.
Чилинин президенти Габриэль Борич өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, каза болгон жумушчулар 29–34 жаштардагы Gardilcic казуу компаниясынын кызматкерлери болгон.
Куткаруу иштери жер титирөө токтогондон кийин, жума күнү кечинде башталган. Алгачкы жумушчунун сөөгү ишемби күнү, калгандарыныкы жекшемби күнү табылган.