Чилиде Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин катуу цунами болушу мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 30 Июль 2025 12:16
WhatsApp Image 2025-07-30 at 10.45.51.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Чилинин деңиз флотунун гидрографиялык жана океанографиялык кызматы Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин өлкөнүн жээктеринде цунами коркунучу бар экенин эскертти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, цунами жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:51де болушу мүмкүн.

Эске салсак, жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн саат 11:26да Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул 1952-жылдан берки эң катуу жер титирөө.

Окумуштуулар бул сейсмикалык окуяны классикалык субдукциялык жер титирөө деп эсептешет.

Облус жетекчисинин чечими менен Петропавловск-Камчатскийде жумуш күнү кыскартылган.