Чилиде кайрадан президенттик шайлоо өтөт

Дүйнө Загрузка... 17 Ноябрь 2025 14:14
WhatsApp Image 2025-11-17 at 13.20.55.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Чилиде президенттик шайлоонун биринчи айлампасында талапкерлердин бири да 50 пайыздан ашуун добуш ала албагандыктан, шайлоонун экинчи турун өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Чилинин Шайлоо кызматы жарыялаган алдын ала жыйынтыктарга ылайык, башкаруучу солчул күчтөрдүн талапкери Жанетт Жара 26,69 пайыз добуш менен алдыда келе жатат.

Анын негизги атаандашы - консервативдүү Республикалык партиянын өкүлү Хосе Антонио Каст 24,15 пайыз добуш алган. Бюллетендердин 77,79 пайызы саналган учурда бул эки талапкер 14-декабрда өтүүчү шайлоонун экинчи турунда беттешет.

Чилинин мыйзамына ылайык, эгерде биринчи айлампада эч бир талапкер 50 пайыздан ашуун добуш ала албаса, шайлоо экинчи айлампага өтөт.

Өлкөнүн учурдагы президенти Габриэль Борич Чили элин 14-декабрдагы шайлоого активдүү катышууга чакырды.

“14-декабрда Чили дагы бир жолу өз келечегин тандайт. Бул шайлоо мекенибиздин алдыдагы төрт жылдык тагдырын аныктайт”, - деген ал.