Чет мамлекеттердин абактарындагы кыргызстандыктардын саны 1 миң 100дү түздү-министрлик

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 09:40
680609f1-1e5d-4566-8412-37169fb81080.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Соңку маалыматтарга ылайык чет мамлекеттердин абактарындагы кыргызстандыктардын саны 1 миң 100дү түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, алардын көбү Россия Федерациясында.

“Бул жарандардын баарына Кыргызстанга өтүү мүмкүнчүлүгү бар экени тууралуу эскертүүлөр берилди. Бирок бул айрым гана беренелерге тиешелүү. Терроризм же баңгизат сыяктуу кээ бир беренелер боюнча мүмкүн эмес. Калгандарынын Кыргызстанга которулуп, жазасын өтөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, көбү баш тартышууда. Анткени, бул жака келип мөөнөтүн өтөгөндө, алар Кыргызстанда дагы соттолгон болуп калышат”,-деди ал.