Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Анкарадагы “Бештепе” президенттик паркында Кыргызстандын “Мураскер” скульптурасы орнотулду.
Скульптура атасынын ишин – бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн уланткан жаш мергенчинин образын ачып берет.
Композицияда көчмөндөр салтынын негизги элементтери айкалышкан: бүркүт – руханий бийиктиктин жана эркиндиктин символу, тайган – талаа мергенчисинин ишенимдүү шериги, ал эми жаа — чеберчиликтин жана ички токтоолуктун белгиси.
Белгилей кетсек, ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары өлкөлөр тарабынан “Бештепе” президенттик паркында орнотулган искусство чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты.
Экспозициялар салттуу маданияттын байлыгын, улуттук турмуш-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүн жана түрк элдеринин тарыхый мурасын чагылдырып, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтөт.