Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атына чет өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынан жана мамлекеттик ишмерлеринен ыйык Курман айт майрамына карата көптөгөн куттуктоолор келип түшүүдө.
Азербайжандын премьер-министри Али Асадов майрамдык телеграмма жолдоду.
”Бул жаркын майрамга таандык болгон руханий баалуулуктар Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук, боордоштук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода өз куттуктоосунда бүткүл Кыргызстандын элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.
”Курман айт мусулман элинин эң баалуу руханий майрамдарынын бири катары өз ара түшүнүшүүнүн, кайрымдуулуктун, толеранттуулуктун жана жакшы адамдык мамилелерди чыңдоонун символу болуп эсептелет. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук, коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери мындан ары да өз ара урматтоо жана ишеним духунда өнүгөт деп ишенем”, — деп белгиленет куттуктоодо.
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз министрлер кабинетинин башчысына жана кыргыз элине жылуу каалоолорун жолдоду.
”Бул берекелүү майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, бакыт жана бакубатчылык алып келсин. Ошону менен бирге Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп өнүгүү жана бакубат жашоо каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов министрлер кабинетинин башчысын жана бардык кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.
”Бул улуу жана ыйык майрам мындан ары да тынчтыкты, кайрымдуулукту, өз ара түшүнүшүүнү жана сый-урматты сактоого, боордош элдерибиздин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана достук байланыштарын мындан ары да чыңдоого, ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп ишенем”, — деп айтылат телеграммада.
Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев куттуктоосун жолдоду.
”Элибиздин руханий баалуулуктарынын бири болгон бул берекелүү майрам адамзатты кайрымдуулукка, марттыкка жана өз ара сый-урматка чакырат. Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, ал эми жүрөктөргө тынчтык жана токчулук берсин. Элибиздин биримдиги бекем болуп, өлкөбүздө дайыма тынчтык өкүм сүрсүн”, — деп куттуктады ТМУнун башкы катчысы.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин дарегине куттуктоо телеграммалары келип түшүүсү уланууда.