Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду чет өлкөлүк паспорту бар балага Кыргызстанда медициналык жардамды кантип алса болорун айтып берди.
Фонддон билдиришкендей, баланын чет өлкөлүк паспортунун болушу (жаш курагына карабастан) ошол мамлекеттин жарандыгын тандаганын билдирет. Ушул себептен улам анын ата-энеси Кыргызстандын жарандары болсо да, Мамлекеттик кепилдиктер программасы ага Кыргызстандын жарандарына карата каралган көлөмдө колдонулбайт.
Эгерде ата-энеси ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары болуп, Кыргызстанда расмий эмгектенип, иш берүүчү алар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп турса, анда чет өлкөлүк паспорту бар баласы ММК полисин болгону 1 840 сомго (КР жарандары үчүн белгиленген тариф боюнча) алса болот. Бул полис менен бала Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта медициналык жардам ала алат.
ММК фонду балага ММК полисин алдын ала тариздөөнү сунуштайт, бул дарыгерге күтүүсүз кайрылууга туура келген учурда ашыкча чыгымдардан сактанууга жардам берет.
ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 номерине акысыз чалыңыз.