Чет элдик номерлүү унааларды каттоо. Кыргызстанда 4172 унаа техкароодон өттү

Коом Загрузка... 20 Май 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө техникалык кароодон өтүүгө 4312 жаран кайрылды. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 4312 унаанын 4172си техкароодон өттү, ал эми 140ы өтпөй калды.

Ошондой эле ал, Кыргызстанда чет өлкөлөрдө катталган 14-15 миң унаа бар экенин айтты.

Эске салсак, Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу өтөт. 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө бажылык тариздөө жана укук белгилөөчү документтери жок ташылып келинген унаалар мыйзамдаштырылышы мүмкүн. Унаа ээлери бир катар документтерди көрсөтүшү зарыл жана техкароодон өтүүсү керек. Бул процедуралар жыйынтыкталгандан кийин транспорт каражатына номерлер берилет. Бирок мындай унааларды сатууга, өлкөдөн чыгарууга же такси катары колдонууга болбойт.