Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкекте өтө турган саммити өзгөчөлүктөр менен коштолору күтүлүүдө. Биздин өлкө кызматташтыктын жыйынтыгы ШКУнун ар бир мүчөсү үчүн конкреттүү өзгөрүүлөрдү камсыздай турган баскычка көтөрүлүүсү зарылдыгын белгилейт. Кыргызстан күн тартибине киргизген 30дан ашуун иш-чара ШКУнун ишмердигинин трансформация болуп жатканын чагылдырып турат. ШКУ эмнеден башталган жана кайсы баскычка жетти? Уюмдун баскан жолу кезектеги макалабызда.
Шанхай кызматташтык уюму Бишкек саммитинде чейрек кылымдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, мүмкүнчүлүктөр жана заман чакырыктарын эске алуу менен алдыдагы кадамдарын белгилөө алдында турат. Артта калган 25 жыл да текке кеткен жок. Бул убакыт аралыгында ШКУ Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыздаган бирикмеден аймактык ири геосаясий жана экономикалык уюмга айланды.
ШКУну түзүү боюнча расмий чечим 2001-жылдын 15-июнунда кабыл алынганы менен пайдубалы андан мурда эле түптөлгөн. Эске салсак, СССР менен Кытайдын чек ара боюнча пикир келишпестиктери чечиле электе эле союз тарап кетип, чектеш өлкөлөр арасында суроо ачык бойдон калган. 1996-97-жылдары Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия жана Кытай чогулуп, чек арада куралдуу күчтөрдү кыскартып, ишенимди жогорулатуу боюнча документтерге кол коюшкан. Чек аралаш өлкөлөрдүн улам биринде өткөн жолугушуулар “Шанхай бешилтиги” атка конуп, төрт-беш жылдай иш алып барган.
2001-жылы Өзбекстан кошулган соң ар тараптуу алакаларга жол ачкан Шанхай Кызматташтык Уюму болуп өзгөргөн. ШКУну түзүү декларациясында уюм башка өлкөлөргө каршы ишмердик жүргүзбөй турганы, ачык-айкын диалогду өнүктүрүү принцибин карманары так белгиленген.
2017-жылы Индия менен Пакистан кирип, ШКУнун таасири Түштүк Азияга чейин жеткен. 2023-2024-жылдары Иран менен Беларусь кошулду. Жыйынтыгында ШКУ Евразиянын жарым аянтын ээлеп, дүйнө элинин жарымына жакынын (3,5 млрд) камтыган ири аймактык бирикмеге айланды. Ошол эле убакта Афганистан менен Монголия ШКУнун байкоочу макамын алышты. Ал эми Азия менен Африканын 14 мамлекети — Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив аралдары, Мьянма, Непал, БАЭ, Сауд Аравиясы, Түркия жана Шри-Ланка ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөр.
25 жыл ичинде ШКУнун күн тартиби кыйла кеңейди. ШКУнун максаттары:
- өз ара ишенимди, достукту жана коңшулаштыкты чыңдоо;
- аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо боюнча көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо;
- чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу;
- ар кандай тармактарда кызматташууга дем берүү;
- экономикалык өсүшкө жана социалдык, маданий өнүгүүгө көмөк көрсөтүү.
Бул тапшырмаларды президенттер, премьер-министрлер баштаган башкаруучу Кеңештерден сырткары ШКУнун ичиндеги бир катар уюмдар ишке ашырат. Алардын башында Регионалдык антитеррористтик түзүм (РАТС) турат. Бул уюм терроризм, сепаратизм жана экстремизм аттуу “үч зулум” менен күрөшүү максатында түзүлгөн. Мындан сырткары экономикалык мүнөздөгү Ишкердик кеңеш, ШКУ алкагында инвестициялык долбоорлорду каржылоого багытталган Банктар аралык бирикме бар.
ШКУ туруктуу иштеген уюм болгондуктан, төрагалык жыл сайын улам бир мүчө мамлекетке өткөрүлүп турат. Кыргызстан макамды 2025-жылдын 1-сентябрында Кытайдан өткөрүп алган. 2026-жылдын августуна белгиленген жыйын “ШКУга 25 жыл: Туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп өсүү” урааны менен өтүп, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров төрагалык кылат. Төрагалык маалында коопсуздуктан санариптешүүгө, инвестициялардан жаштар саясатына чейин 30дан ашык иш-чара өткөрүү белгиленген.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев ШКУнун бул жолку отуруму бир катар өзгөчөлүктөр менен өтөрүн белгилейт. Биринчиден, отурумга уюмдун 25 жылдык мааракеси туура келүүдө. Экинчиден, учурда дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алганда, Бишкек саммитинде эмне сөз болоруна, кандай чечимдер кабыл алынарына дүйнөлүк уюмдар тыкыр көз салып турушат дейт саясат таануучу.
“2001-жылы ШКУга Өзбекстан кошулган убакта мен Жогорку Кеңештин эл аралык бөлүмүн жетектеп турган элем. Ошондон бери ШКУ темасына байкоо салып келем. Башында чек ара маселелери тынч чечилиши керек деген максат коюлган эле, мына, ШКУнун үч мамлекети — Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек араны чечүү боюнча үлгү көрсөтүштү.
Бул этапта ШКУга Кыргызстан төрагалык кылууда. Саммит президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өтөт. Кыргызстан саммитте карала турган маселелердин баарын ШКУга мүчө болгон ар бир мамлекет менен сүйлөшүп, макулдашып күн тартибине киргизет. Бул олуттуу жоопкерчилик. Анткени адам ресурстарын, экономикаларды, рыноктун көлөмүн, 25 жылдык тажрыйбаны эске алганда, ШКУ эл аралык институттардын эң күчтүүсү. Ага дүйнөнүн жарымы кирип жатпайбы. Бишкекке кеминде 10 мамлекеттин президенти келет. ШКУнун саммитинде эмне маселе көтөрүлөт, кандай жыйынтыктар болот деп БУУ, Евробиримдик жана башка эл аралык ири уюмдар тыкыр байкоо салып турушат. Анткени быйыл ШКУ дүйнөгө таасир эте турган чечимдерди кабыл алат.
ШКУнун мааракелик саммитине төрагалык Кыргызстанга саясий дагы, экономикалык да утуш алып келет. Бишкектеги саммит менен бирге дүйнө эли ШКУдагы Борбор Азиянын, анын ичинен Кыргызстандын мааниси, орду жөнүндө маалыматтарды алышат. Анткени уюмда ар бир өлкөнүн үнү бирдей маанилүү, бардык чечим макулдашуу менен гана кабыл алынат. Эгер бир эле өлкө макул эмес болсо, кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Экономикалык жагын алсак, биздин өлкөнүн экономикасы өнүгүү боюнча 3-орунга чыкты, ИДП туруктуу өсүү темпин көрсөтүүдө, ГЭСтер, темир жол баштаган эл аралык долбоорлор иштеп жатат. Ушунун баары маанилүү.
Учурда чоң саммитке Кыргызстан кызуу даярданууда. Министрлик, мекемелер ШКУдагы кесиптештери менен жыйындарды өткөрүшүүдө. Калаа бийлиги жолдорду оңдоп жатат. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарын жогорку деңгээлдеги меймандарды тосуп жатканда түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат элем. Бизге учурда дүйнө эли баам салып турат”, — деп билдирди саясат таануучу Бакыт Бакетаев.