Чек ара маселесинин чечилиши эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкка кенен жол ачат – Аламанов

Саясат Загрузка... 11 Март 2025 10:32
WhatsApp Image 2025-03-11 at 07.31.51.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Чек ара маселесинин чечилиши эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкка кенен жол ачат. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине окумуштуу, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларынын такталбай келиши эки тараптуу мамилелерди солгундаткан. Эми чек ара сызыктарынын такталышы эки тараптуу алакага өбөлгө түзүүдө.

“Чек ара сызыгынын такталганы чоң иш болду. Биздин мамлекет жана эл үчүн коңшулар менен жакшы мамилени түзүүгө өбөлгө болуп жатат. Көп жылдардан бери көйгөйлүү абалдар түзүлүп келгени маалым. Саясий-экономикалык жактан алганда негизинен чек ара сызыгын тактоо мамлекеттер ортосундагы эң эле оор, эң эле керектүү жумуштардын бири болот. Бул көйгөйдү ичинен билген адам катары маселенин чечилип калышына жакшы баа берип жатам. Эң эле керектүү иш бүттү деп эсептеймин. Алдыда мамлекет башчылары кол коюп бекитип, эки өлкөнүн парламенттери ратификацияласа, башка эки тараптуу кызматташтыкка кенен жол ачылат деп эсептеш керек. Чек ара маселеси чечилгенде эки мамлекеттин ортосундагы бардык багыттагы иштер алдыга тез жылат. Анткени чек ара маселесинин чечилиши табиятында эле башка мамилелер менен тыгыз байланышып турат. Ошондуктан эми кайра эки өлкө ортосундагы жакшы мамилелер калыбына келет деп ишенишибиз керек”, - деди Саламат Аламанов.