Аалы Карашев: Чек ара келишимине кол коюу - чоң тарыхый жана саясий окуя

Пикир Загрузка... 13 Март 2025 18:38
WhatsApp Image 2025-03-13 at 15.34.50.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Чек ара келишимине кол коюу - чоң тарыхый жана саясий окуя. Мындай пикирин мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселеси 35-40 жылдан берки чечилбей келген орчундуу көйгөй болгон. Бүгүнкү эки президенттин ортосунда кол коюлган келишим достукту, тынчтыкты жана бейпилдикти бекемдеген чоң кадам болду.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда такталбаган аймактардан улам көптөгөн чек ара чыр-чатактары болуп келген. Канча талаш-тартыш болду. Айтайын дегеним, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн комиссиясы иштеп жатканда, маселе бир гана тараптын кызыкчылыгына чечилди деп айтууга болбойт. Бул мүмкүн эмес. Чек аралар тигил же бул өлкөнүн пайдасына чечилди деген пикирлер туура эмес. Эки тарап бир пикирге келип, тил табышып, бир жыйынтыкка келишет, ошондо гана бул маселенин чечими табылат. Чек ара маселесин бир тараптуу чечүү мүмкүн эмес экенин биз көп мамлекеттердин практикасынан көрүп, билип келебиз. Бүгүнкү күн чындап эле тарыхый күнгө айланды, анткени эки өлкө көп жылдар бою башкы көйгөй болуп келген чек ара маселесине чекит коё алышты”,-деди Карашев.