Чейрек кылым мурда жарактан чыккан. Таластын борбордук паркында аттракциондор орнотулууда

Аймак 11 сентябрь 2025 12:10
whatsappimage2_p9NlfML.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_yOtaD6R.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_mOrZNyL.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_XkqYJwJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_IeS935j.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_mA2jBtI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_VoGvPmS.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
whatsappimage2_8Hgl3vx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Талас шаарындагы борбордук парк жаңыланып, аттракциондор орнотулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Реконструкция иштерине 2025-жылдын июнь айында старт берилген. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, учурда жер казуу (котлован), бетон куюу иштери аяктап калды. Ошондой эле парктын аймагында заманбап аттракциондордун темир конструкциялары орнотулуп жатат.

Жалпы аянты 1,5 гектарды түзгөн бул парк шаар тургундары жана меймандар үчүн заманбап эс алуу жайына айланмакчы. Долбоордо ар кандай курактагы адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, онго жакын түрдүү аттракцион коюлары белгиленген.

Эске сала кетсек, Таластын борбордук паркындагы мурунку аттракциондор 2008-жылы эскилиги жетип, коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен иштен чыгарылган. Арадан 17 жыл өткөн соң, паркты жаңыртуу чечими кабыл алынып, учурда активдүү реконструкция жүрүп жатат.