Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Чехияда жеке учак кырсыкка учурады. Бул тууралуу Idnes интернет басылмасына таянып, Известия жазды.
Маалыматка караганда, Праганын түндүк-батышындагы Летняны токой паркында жеке учак кулап, эки адам каза болду.
"Учкуч учакта мүчүлүштүк бар экенин байкап, аэропортко кайткысы келген, бирок жетишпей калган. Окуя болгон жерден эки адамдын: эркек менен аялдын сөөгү табылган", — деген шаардык полициянын өкүлү Рихард Грдина.
Учак кырсыгынын себептерин андан ары иликтөөнү Прагадагы соттук-медициналык эксперттер Авиакырсыктарды профессионалдык иликтөө институту менен биргеликте жүргүзөрү белгиленди.