Чехияда шайлоодо мурдагы премьер-министр Бабиштин партиясы жеңишке жетти

Дүйнө Загрузка... 06 Октябрь 2025 08:25
WhatsApp Image 2025-10-06 at 05.04.29.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Чехияда парламенттик шайлоодо мурдагы премьер-министр Андрей Бабиштин партиясы жеңишке жетти. Бул тууралуу Deutsche Welle медиа компаниясы маалымдады.

Анда белгиленгендей, Андрей Бабиш жетектеген оппозициялык АNО партиясы алдыга чыкты. Добуштардын 97%дан ашыгы саналып, партия анын 35,1%ын алды.

Чехиянын CT24 телеканалы Мамлекеттик статистика башкармалыгынын (ČSÚ) маалыматына шилтеме келтирип кабарлагандай, "Нааразы жарандардын акциясы" (ANO) партиясынан кийинки экинчи орунду 22,9% добуш менен үч партияны бириктирген азыркы премьер-министр Петр Фиаланын "Бирге" (Spolu) партиясы ээледи. STAN партиясы 11% добуш менен үчүнчү орунга чыкты.

Андан кийинки орунда 8,7% добушка ээ болгон "Чехиянын пираттык партиясы" турат. "Эркиндик жана түз демократия" (SPD) 7,9% добуш менен бешинчи, ал эми "Автомобилчилер өзүңөр үчүн" 6,8% добуш менен алтынчы орунду ээледи. Калган партиялар парламентке өтүү үчүн талап кылынган 5%ды ала алышкан жок.

Кошумчалай кетсек, Чехияда 3-4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында парламенттин төмөнкү палатасынын жаңы курамы аныкталат.