Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Ден соолукка зыяндуу продукцияга акциздик салыкты көбөйтүү калктын саламаттыгын сактоого жардам берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркинбек Чечейбаев бүгүн Бишкекте өткөн жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана жүгүн азайтуу боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо билдирди.
"Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 8 кесипкөй эксперттеринен турган топ келди. Алар жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча стратегияны калыптандыруу үчүн өздөрүнүн тажрыйбалары жана эксперттик пикирлери менен бөлүшүшөт. Бүгүнкү күндө бул стратегия акыркы стадиясында турат жана эксперттер акыркы сунуштарды берүү үчүн келишти", - деди Чечейбаев.
Министрдин айтымында, жугуштуу эмес оорулардын негизги жүгү саламаттыкты сактоо тармагына жүктөлөт. "Инфаркт, инсульт, рак, өпкө оорулары жана кант диабети саламаттыкты сактоо системасына олуттуу жүк түшүрөт. Бирок, бул көйгөйлөрдү чечүү медицина тармагынан гана көз каранды эмес", - деп белгиледи ал.
Чечейбаев алдын алуу чараларынын көбү тармактар аралык өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн экенин баса белгиледи.
"2-3 жылдын ичинде натыйжаларга жетишүүнүн эң натыйжалуу жана тез жолу — зыяндуу азыктардын: алкоголь, тамеки, таттуу суусундуктар жана энергетикалык суусундуктардын жеткиликтүүлүгүн чектөө. Аларды оңой сатып алууну азайтуу үчүн баасы жогору болушу керек. Акциздик салыктарды жогорулатуу керек, бул бюджетке кошумча киреше алып келет жана калктын ден соолугун сактоого жардам берет", - деди ал.
Министр ошондой эле тамеки сатууга чектөөлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, тамеки азыктары ар бир күркөдө эмес, атайын дүкөндөрдө гана сатылышы керек. Өспүрүмдөрдү коргоого жана жашы жете электер үчүн тамекинин жеткиликтүүлүгүн азайтууга өзгөчө көңүл бурулушу зарыл.
Мындан тышкары, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү стратегиясы ведомстволор аралык болот. Анын негизин 2030-жылга чейинки мамлекеттик стратегияда камтылган негизги чаралар түзөт. "Ар бир министрлик бул программаны ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын берет", - деп жыйынтыктады Эркин Чечейбаев.