Бишкектеги медшаарчанын курулушу. Чечейбаев пландар жана мөөнөттөрүн айтты

Ден соолук Загрузка... 19 Ноябрь 2025 16:16
2025-07-21_20-54-13.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Бишкектеги медициналык шаарчанын курулушун 2026-жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик ар кандай каржылоо булактарын караштырып, түшкөн сунуштарды салыштырып жатат. Ошондой эле ал Бишкектеги бардык ооруканалары медициналык шаарчага көчүрүлөбү деген коомчулук арасындагы талкууларга комментарий берди.

“Көпчүлүк жарандар бардык ооруканалар көчүп кетсе, шаарда медициналык жардамды кайдан алабыз деп тынчсызданып жатышат. Бирок, мен баса белгилеп кетким келет. Медициналык шаарчага республикалык деңгээлдеги 6-7 гана медициналык мекеме көчүрүлөт. Калган ооруканалар азыркы жайгашкан жеринде ишин улантат. Мисалы, Улуттук онкология борбору, Улуттук хирургиялык борбор, Фучик көчөсүндөгү №1 шаардык оорукана, Жантөшев көчөсүндөгү №2 шаардык оорукана, №3 балдар ооруканасы жана №4 шаардык ооруканадагы травматология бөлүмү өз ордунда калат”, - деди министр.

Чечейбаев кошумчалагандай, үй-бүлөлүк медицина борборлору жана үй-бүлөлүк ден соолук борборлору дагы өз ордунда кала берет. Бишкектин тургундары мурдагыдай эле медициналык жардам ала алышат.

“Калаанын тургундары мындан ары да медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми Медициналык шаарча - илимди, жогорку медициналык технологияларды өнүктүрүү жана медициналык ЖОЖдордун, айрыкча Медициналык академиянын студенттери үчүн клиникалык база түзүү максатын көздөйт. Бул шаарчада үчүнчү деңгээлдеги - жогорку адистештирилген медициналык жардам көрсөтүлөт. Тилекке каршы, азыркы тапта бул деңгээлде болууга тийиш кээ бир мекемелер негизги кызматтарды гана аткарып калышкан. Биз алардын потенциалын көтөрүп, кайрадан улуттук борбор катары статусун калыбына келтирүүнү максат кылуудабыз”, - деди ал.

Белгиленгендей, медициналык шаар долбоору бүткүл республика үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал оор жана татаал учурларда жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.