Бишкек, 26.10.25. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев «Арашан» жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барып, мекеменин ишмердүүлүгү, бейтаптарга түзүлгөн шарттары, инфраструктуранын абалы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Министрликтен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр стационардык бөлүмдөрдү, амбулатордук блокту жана адистердин кабинеттерин көрүп чыкты.
ЖДПБда 50 керебеттик стационар бар, анын 25и — чоңдорго, 25и — балдарга арналган.
Мекеме жетекчилигинин маалыматына ылайык, борбордун жылдык бюджети 120 млн сомду түзүп, ал каражат ишмердүүлүктү камсыздоого, персоналдын эмгек акысын төлөөгө жана материалдык-техникалык базаны жакшыртууга багытталууда.
Министр инженердик системаларды модернизациялоо боюнча долбоорлор менен да таанышты. Атап айтканда, жылуулук насосторун пайдаланууга өтүү — жылытуу жана эксплуатация чыгымдарын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Жетекчилик белгилегендей, жылытууда үнөм болжол менен жылына 1,5 млн сомду түзөт, ал эми тазалоо курулмаларын орноткондон кийин кошумча 2 млн сомго чейин үнөм болушу мүмкүн.
Министр өзгөчө көңүлүн тамактандыруу бөлүмүнүн ишине жана бейтаптарды азыктандыруунун уюштурулушуна бурду.
Ал рацион белок, май жана углеводдордун катышы боюнча балансталган болушу керектигин, тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу мекеме администрациясынын туруктуу көзөмөлүндө турушу зарылдыгын белгиледи.
«Тамактандыруу — дарылоонун бир бөлүгү. Борбордун жетекчилиги бул маселени жеке көзөмөлгө алып, бейтаптарга толук кандуу жана пайдалуу менюну камсыздоого тийиш», — деди Эркин Чечейбаев.
Жетекчилик жана дарыгерлер менен болгон жолугушууда кадрдык жетишсиздик, адистерди кайра даярдоону күчөтүү зарылдыгы, ошондой эле эски имараттардын айрымдары санитардык жана курулуш нормаларына туура келбей турганы тууралуу маселелер көтөрүлдү.