"Чаткал Резорт" жана "Чоктал Резорт": Ири туристтик долбоорлор ишке ашат

Министрлер кабинети 28 Апрель 2026 16:50
69f08d83cc478 (1).jpeg
69f08daab3c31.jpeg
69f08da9d78f9.jpeg
69f08da990f6e.jpeg
69f08da93cfcd.jpeg
69f08da93d4bc.jpeg
69f08d89ef171.jpeg
26216_1777372642_lg.jpeg
Алдыга
Артка
69f08d83cc478 (1).jpeg
69f08daab3c31.jpeg
69f08da9d78f9.jpeg
69f08da990f6e.jpeg
69f08da93cfcd.jpeg
69f08da93d4bc.jpeg
69f08d89ef171.jpeg
26216_1777372642_lg.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. 

Отурумда алгач, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бардык мезгилдерге ылайыктуу заманбап тоо курортун түзүү үчүн “Чаткал Резорт” долбоорунун ишке ашырылышы каралды. Долбоорду ишке ашыруу жеке инвесторлорду жана адистештирилген өнүктүрүү компанияларын тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу пландалууда, анын мөөнөтү болжолдуу 2026-2034-жылдарга белгиленген. 

Долбоордун максаты - жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү. Ошондой эле, бул аймак мамлекеттин чек арасында жайгашкандыктан эл аралык автомобиль коридорун түзүү аркылуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы транспорттук байланыштарды дагы жакшыртуу.

Андан соң, Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги көп функционалдуу “Чоктал Резорт” туристтик-курорттук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды. Долбоор сапаттын, экологиялык туруктуулуктун жана жыл бою иштөөнүн эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап 5 жылдыздуу курорттук комплексти түзүүгө багытталган.

Келечектеги комплекс бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана стандартташтыруу, тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу жана оперативдүү ишмердүүлүктү оптималдаштыруу боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен башкарылат. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү 3 жыл.