ChatGPT мындан ары медицина боюнча кеңештерди бербейт

Дүйнө Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:31
WhatsApp Image 2025-11-03 at 17.02.50.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. OpenAI өз өнүмдөрүн колдонуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы эрежелерге ылайык, ChatGPT мындан ары медициналык, юридикалык жана башка адистештирилген тармактар боюнча кеңеш бере албайт. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Чектөөлөр билим берүү, ишке орношуу, турак жай, каржы жана насыя, камсыздандыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, миграция жана улуттук коопсуздук темаларын да камтыйт.

Жеке маалыматтарды коргоо чаралары да күчөтүлдү. Адамдын макулдугусуз анын сүрөтүн, үнүн же реалдуу окшоштугун түзүүгө тыюу салынды.

OpenAI кызматтарын коркутуу, аңдуу, жалаа жабуу, өзүн-өзү өлтүрүүгө үндөө, сексуалдык зомбулук же терроризмди пропагандалоо, ошондой эле курал сатып алуу же колдонууга байланыштуу аракеттер үчүн колдонууга тыюу салынганын белгиледи.

Жашы жете электерди коргоо боюнча да талаптар күчөтүлүп, балдардын сырткы келбетин талкуулоо, туура эмес тамактануу тууралуу маалымат таратуу жана жаш куракка ылайык келбеген мазмун сунуштоого тыюу салынды.