Чакан жана орто бизнес — экономиканын өзөгү: ИДПдагы үлүш 51%га жетти

Министрлер кабинети 28 Апрель 2026 11:20
69ef5591a7c16.jpg
69ef55917b04d.jpg
69ef559163683 (1).jpg
69ef5592818d4.jpg
69ef55928233b.jpg
69ef559263be8.jpg
69ef55926343b.jpg
69ef55924246d.jpg
69ef559242462.jpg
Алдыга
Артка
69ef5591a7c16.jpg
69ef55917b04d.jpg
69ef559163683 (1).jpg
69ef5592818d4.jpg
69ef55928233b.jpg
69ef559263be8.jpg
69ef55926343b.jpg
69ef55924246d.jpg
69ef559242462.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы экенин белгиледи.

"Акыркы 3 жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40%дан 51%га чейин өстү. Бул туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү көрсөткүчү. Өнүктүрүү фонддору айыл жериндеги долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушу керек. Долбоорлорду ишке ашырууну каалаган демилгелүү жарандарга тиешелүү колдоо көрсөтүү зарыл", - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоору сунушталып, “Пайыздык ченди субсидиялоо аркылуу ишкердик субъекттерди жеңилдетилген насыялоо” долбоорунун жүрүшү жана чакан жана орто бизнести колдоо боюнча аткарылып жаткан чаралар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасын тез арада бекитүү. Программа жеңилдетилген кредиттик продуктуларды жана кепилдик механизмдерин киргизүү аркылуу ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Ошону менен бирге, ишкердик компетенцияларды жана долбоордун туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү окутуу, акселерация жана бизнести колдоо системасын өнүктүрүү каралууда.