"Чакан ГЭС" ААК күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө

Коом Загрузка... 20 Май 2025 14:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-майдан тарта 1957-жылдан бери тынымсыз иштеп келген "Чакан ГЭС" ААКтын №6 ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегат менен алардын көмөкчү системаларынын капиталдык ремонту башталды.

Азыркы учурда жабдууларды ремонтко чыгарууга даярдык иштери жүрүп жатат.

Капиталдык ремонттун алкагында төмөнкү жумуштар аткарылмакчы:

  • гидроагрегатты демонтаждоо жана кайра монтаждоо;
  • жетектөөчү аппаратты оңдоо;
  • май кабылдагычты оңдоо;
  • жабдууларды борборлоштуруу;
  • статор менен роторду оңдоо;
  • козгоо системасын калыбына келтирүү;
  • тормоздоо системасын оңдоо;
  • лак-боёк каптамаларын жаңылоо;
  • гидроагрегатты кайра жыйноо жана орнотуу.

Оңдоо иштери жабдууларды штаттык абалга келтирип, алардын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Капиталдык ремонттун мөөнөтү — 60 күн, иштерди аяктоо жана №6 ГЭСти кайра ишке киргизүү июль айынын аягына пландалган.

Май айында №3 ГЭСте да учурдагы ремонт жана профилактикалык иштер аткарылды, анын ичинде:

  • гидроагрегаттарда жана 35 кВ чубалгыларынын ячейкаларында электр өлчөөлөр;
  • В6Г-1 жабдуусунун профилактикалык көзөмөлү;
  • контакттарды тазалоо;
  • электр өлчөөлөр жана сыноолор;
  • майды лабораториялык талдоо үчүн үлгү алуу.

Капиталдык жана учурдагы ремонт иштери дарыялардагы суу деңгээли эң төмөн болгон учурда, суунун негизги бөлүгү сугат иштерине колдонулган мезгилге туура келгендей пландалган. Бул — гидроэлектростанцияларда ремонт жүргүзүү үчүн эң ылайыктуу учур. Ремонт иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, жогорку жүктөм мезгилинде жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.