Үч-Коргон ГЭСинде №3 гидроагрегатты оңдоо иштери башталды

Коом Загрузка... 12 Март 2025 15:24
7a4310010e09474f97332a49ebf9c109.webp
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. 11-марттан тарта Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери расмий түрдө башталды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда гидроагрегаттын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ага чейин даярдык иштерине көңүл бурулган.

Учурда №3 гидроагрегатты реконструкциялоо иштери жүрүп жатканда, ГЭСтин кубаттуулугу 144 МВтты түзөт. Эскилиги жеткен гидроагрегаттар 1962-жылдан бери иштеп, буга чейин реконструкцияланган эмес.

Реконструкция иштерин 2025-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, бул долбоорду «CNEEC» (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы ишке ашырууда.

Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСинде кубаттуулугу 45 МВт болгон 4 гидроагрегат жайгашкан.2024-жылы №4 гидроагрегат реконструкциядан өтүп, анын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулатылган. Ал эми №3 гидроагрегатты жаңылоо иштеринин натыйжасында ал дагы 9 МВтка көбөйөт.