Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидрогенераторун модернизациялоо иштери уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 22-сентябрда 221,2 тонналык ротор аттуу эң оор бөлүгү ийгиликтүү орнотулду. Бул операция 60 жылдан кийин биринчи жолу аткарылып, совет мезгилинде курулган станция заманбап технологиялар менен жаңыланууда.
Бул долбоордун алкагында төрт гидроагрегаттын экөө реконструкцияланып жатат. Экинчи гидроагрегаттагы иштердин 70%ы аткарылды. Статор жана роторду чогултуу иштери толугу менен аяктады. Долбоордун башкы аткаруучусу — кытайлык CNEEC компаниясы.
Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 9 МВтга жогорулатылып, жалпы кубаттуулугу 189 МВтка жетет. Бул аймактагы электр энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн күчөтөт.
Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү 2025-жылдын ноябрь айына пландалууда.