Үч аймактык университет Ж. Баласагын атындагы КУУга кошулду

Билим Загрузка... 17 Сентябрь 2025 14:50
Pdjs09sYpqyjjQg5lyo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кошулду.

Президенттин 2025-жылдын 11-сентябрындагы №256 жарлыгына ылайык, университет төмөнкү билим берүү уюмдарын ага кошуу жолу менен кайра түзүлөт:

– Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

– Талас мамлекеттик университети;

– Баткен мамлекеттик университети.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жогоруда аталган кесиптик жогорку окуу жайларынын бардык укуктарынын жана милдеттеринин укук мураскери болуп дайындалды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.